Көөнө Үргөнч шаарындагы Төребег айымдын күмбөзү

Төребег айымдын күмбөзү түрк архитектурасынын эң сонун үлгүлөрүнүн бири болуп эсептелет.

19 Haziran 2021 01:05

 

Төребег айымдын күмбөзү азыркы Түркмөнстандын аймагындагы байыркы Үргөнч шаарынын борбордук бөлүгүндө, Кутлуг Тимур мунарасынын түндүк-батышында жайгашкан.

Качан салынганы так белгисиз. Бирок тарыхчылар Кутлуг Тимур Хорезмди башкарып турганда (1321-1336) же андан көп өтпөй салынган деп эсептешет.

Имарат бир нече бөлүктөн турат. Негизги бөлүгү сырттан караганда он эки, ичинен алты бурчтуу болуп көрүнөт. Төбөсү кумпа (купол) менен жабылган.

Имарат геометрикалык оймо-чиймелер менен кооздолгон. Андан сырткары жылдыз жана гүлдөрдүн элеси түшүрүлгөн. Ички жасалгасы Хорезм искусствосунун шедеври болуп саналат  

Имарат төбөсүндөгү көзөнөктөр аркылуу жарык менен камсыздалган.

Төребег айым ким болгон

Төребег айым тарыхый инсан болгон. Алтын Ордонун падышасы Өзбек хандын кызы жана Хорезмдин башкаруучусу  Кутлуг Тимурдун жубайы болгон. Аны аялдардын пири деп эсептешкен.

Anahtar Kelimeler: Төребег айымдын күмбөзү, Түркмөнстан, Көөнө Үргөнч,

Жаңылыктар