«Казакстан Жолу Түрк Биримдиги» көргөзмөсү

Анкарадагы Миллет китепканасында «Казакстан Жолу Түрк Биримдиги» көргөзмөсү ачылды.

05 Kasım 2021 22:40

Анкара шаарындагы Миллет китепканасында «Казакстан Жолу Түрк Биримдиги» аталыштагы көргөзмө ачылды. Казакстан Республикасынын туңгуч президенти-Элбашы китепканасы уюштурган көргөзмөгө Казакстандын маданий жана тарыхый баалуулуктары коюлган.

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган көргөзмөнүн ачылышына кайрылуу жолдоду. Анда мамлекет башчысы түрк дүйнөсүнүн байыркы жана терең цивилизациясы, орток тарыхы жана баалуулуктары келечекке ишенимдүү кадам таштоого шарт түзөөрүн баса белгиледи.

Көргөзмөнүн ачылышында сөз сүйлөгөн Казакстан Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Абзал Сапарбекулы көргөзмө Казакстанды таанытуу менен бирге эки мамлекет ортосундагы байланышты күчтөндүрүүгө салым кошоорун белгиледи.

Ал эми президент Эрдогандын башкы кеңешчиси Ялчын Топчу түрк биримдигине басым жасады.

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы таанытуу жана маданият иштери боюнча башкы директорунун орун басары Умут Ажар түрк тилдүү мамлекеттеринин көз карандысыздыгын Түркия жылуу кабыл алганын эскертти. Түркия бул мамлекеттердин өнүгүүсүнө ар дайым салым кошуп келгенин билдирди.

Президенттик апараттын китепкана дирекциясынын төрагасы Айхан Туглу мындай көргөзмөлөр жана жолугушуулар өз ара кызматташууга салым кошоорун баса белгиледи.

Казакстан Республикасынын туңгуч президенти – Элбашы китепканасынын директору Темирболат Бакытжан Берикбайулы көргөзмө эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналып, эки мамлекет ортосундагы мамилени чыңдоодого салым кошоорун белгиледи.

Көргөзмөгө 400дөн ашык эмгек коюлган. Алар Казакстандын тарыхый өнүгүү этаптарын баяндаган архивдик документтер, китептер, видеолор, сүрөттөр жана буюмдарды камтыйт.

Көргөзмөнүн эшиги 7-ноябрга чейин ачык.

 

Anahtar Kelimeler: «Казакстан Жолу Түрк Биримдиги»,

Жаңылыктар