Казан шаары - Түрк-Ислам шаары

Евразиянын жүрөгү -  Казан шаары.

06 Kasım 2021 23:14

Татарстан Республикасы – Россиянын курамындагы субъект. Чыгыш Европа түздүгүнүн чыгышында жайгашкан. Калкы 4 миллион.

Волга дарыясынын өрөөнү Татарстандын аймагын оң жана сол жээкке бөлөт. Оң жээги Волга бою дөңсөөсүнүн түндүк бөлүгү, сол жээгин Кама дарыясынын өрөөнү кесип өткөн Волга бою (Заволжье) түздүгү ээлейт. Түштүк-чыгышында Бугульма-Белебей дөңсөөсү жатат. 

Түрк-ислам архитектурасы басымдуулук кылган шаарды татар жана орус маданиятынын бешиги деп атасак болот.

Керемет Казан шаары

Казан шаары Волганын сол жээгинде, Казанка дарыясынын куя беришинде жайгашкан. Калкынын саны боюнча Россиядагы 8-шаар.

Казан – керемет шаар. Анда бир нече маданияттар айкалышып, ар улуттун өкүлдөрү чогуу жашашат. Шаардагы уникалдуу архитектура, меймандос шаардыктар, көчөлөрдүн чок ортосунда орун алган өзгөчө эстеликтер суктандырат. Шар аккан дарыялар, жапжашыл теребел менен айкалышып, теңдешсиз рахат тартуулайт. Таза жолдору, парктардын көптүгү менен таң калтырат.

Баумана көчөсүн Казандын жүрөгү деп  аташат. Көчө бойлой ар кандай буюмдар сатылган дүкөндөрдү, кафе-ресторандарды кездештирүүгө болот.

Эл көп болгон Баумана көчөсү музыканттар үчүн ар дайым талантын көрсөтүү үчүн популярдуу жай. Татар элдик музыкасынан тартып, тажрыйбалуу салттуу топторго чейин, күн сайын ырларын аткарган укмуштуу таланттар арбын.

ЮНЕСКОнун  "тарыхый мурас" тизмегиндеги Казан Кремль

Шаардагы эң кызыктуу комплекс бул-Казан Кремль. Орус жана татар каада-салтын айкалыштырган эбегейсиз чоң комплекс.  Ал Казан шаарындагы байыркы дубалдары, бастиондорду, хан сарай, хан мечит, Кул Шариф мечити сымал экспонаттары камтыйт. Аймак 2000-жылы ЮНЕСКО тарабынан "тарыхый мурас" катары таанылган.

Кул-Шариф мечити

Казань шаарындагы айтылуу имараттардын бири бул–Кул-Шариф мечити. Казань Кремлинин аймагында жайгашкан.

XVI кылымда Иван Грозный баштаган орус аскерлери Казанга кирип келишкенде, татар эли аларга айыгышкан каршылык көрсөтүшкөн. Ошол учурда татар колунун башында көрүнүктүү руханий лидер, дипломат, мамлекеттик ишмер Кул Шариф аттуу адам турган. Кагылышууда ал жана анын жоокерлери курман болушкан.

Арадан бир нече кылым өткөн соң татарлар мечитти калыбына келтирүү ишин баштап, 2005-жылы керемет имарат курулган.

 

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Казан шаары,

Жаңылыктар