Хыдырлык бастиону музей болуп ачылды

Осмон дөөлөтүнүн Балкан аймагындагы эң маанилүү аскердик аймактарынын бири болгон Хыдырлык бастиону музейге айландырылды.

06 Kasım 2021 22:56

Йылдырым конушунда Мехмет Шүкрү Пашанын башкы кеңсеси катары колдонулган бастион музейге айландырлды. Аны музейге айландыруу иштери мындан 2.5 жыл мурда башталган. Музейде  Мехмет Шүкрү Паша жана Осмон падышасы Фатих Султан Мехметтин айкелдерин көрүүгө болот. Ошондой эле Кызылайдын согушка кийлигишүү учуру силикон скульптуралар менен чагылдырылган.

Музейде «Эдирнеден өткөн султандар», «Балкан аймагындагы Осмон архитектурасы», «Балкан аймагы Осмон бийлиги астында», «Эдирнени Осмон дөөлөтүнө каратуу», «Эдирнеден өткөн командирлер», «Балкан согуштарынын күндөлүгү», «Фронтто кийинүү жана тамактануу», «Согуш учурундагы жугуштуу оорулар жана качкындар», туралуу кеңири маалымат алууга болот.

Музейге коюлган көргөзмөлөр Осмон империясынын Балкан аймагындагы 600 жылдык үстөмдүгүн камтыйт. Музейге тарыхый баалуулуктар жана Балкан согуштары туралуу маалыматтар жайгаштырылган. Ар бир тарыхый окуя боюнча макеттер жасалып, үн менен коштолгон. Андыктан Музейди кыдыргандар кудум ошол доорду башынан өткөрүп жаткандай сезилет.

Хыдырлык бастионун Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлиги жаңылоодон өткөрүп, музей катары сунуштады. Бул министрликтин манилүү долбоорлорунун бири.

 

 

Anahtar Kelimeler: Хыдырлык бастиону,

Жаңылыктар