t

«Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» эл аралык кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Стамбул шаарындагы Ататүрк атындагы маданият борборунда «Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» эл аралык кинофестивалынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өттү.

13 Kasım 2021 17:38

Стамбул шаарында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен «Бейоглу маданият жолу» фестивалы алкагында «Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» кинофестивалы болуп өттү. Алгач ирээт уюштурулган маданий иш-чарага түрк дүйнөсүндөгү маданият жана искусство чөйрөсүнөн көптөгөн белгилүү ысымдар катышты.

Фестивалдын сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун манилүүлүгүнө басым жасады.

«Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» кинофестивалы алкагында түрк тилдүү мамлеттер ортосунда киноиндустрия тармагында кызматташуу боюнча  биргелешкен декларацияга кол коюлду.

Министр Мехмет Нури Эрсой жаңы келишим Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанда киноиндустрия тармагында жаңы доордун эшигин ачаарын баса белгиледи. Ал ошондой эле келишим алкагында «Түрк дүйнөсүнүн кино фонду» түзүлөөрүн сүйүнчүлөдү. Биргелешкен долбоорлор ишке ашырыларын айтты.

Келишимге ылайык «Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» кинофестивалы жыл сайын өткөрүлө турган болду. Фестивалдын экинчиси 2022-жыл үчүн «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп тандалган Бурса шаарында, үчүнчүсү Азербайжандын Шуша шаарында өткөрүлөт.

Фестиваль кийинки жылдары улам башка өлкөлөрдө кезек кезеги менен өткөрүлүп турат. Алсак 2024-жылы Казакстанда, 2025-жылы Өзбекстанда, 2026-жылы Кыргызстанда өткөрүү пландалууда.

Сыйлыктар

Фестивалды өткөрүүгө Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги, Эл аралык кино ассоциациясы, Түрк кеңеши, ТҮРКСОЙ, ТРТ, Стамбул университети жана бир катар уюмдар колдоо көрсөттү.

«Кыргызфильм» улуттук киностудиясы «Түрк дүйнөсүнүн маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн» ардактуу сыйлыкка татыды. Аталган сыйлык  Баку медиа борборуна, Өзбекстандын кино агенттигине, Казак киностудиясына жана ТРТ мекемесине ыйгарылды.

ТРТ мекемесинин сыйлыгын башкы директор Мехмет Захид Собажыга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Азамат Жаманкулов жана Өзбекстандык актрисса Ситора Фарманова тапшырды.

Фестивалдын алкагында кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар, талкуулар, ошондой эле «Айтматов жана кино» тегерек столу өттү. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын сактап келе жаткан балдары Ширин Айтматова менен Элдар Айтматовго ардактуу сыйлык берилди.

Даректүү тасмалар категориясында 1-орунду Ирандык «Эгиздер» тасмасы багындырды. 2-орунга Өзбекстандык «Эл эрдиги», 3-орунга Орусиялык "Тилчи" тасма татыды.

«Эң мыкты тасма» сыйлыгын Азербайжандык режиссер тарткан «Чачылган өлүмдөрдүн арасында» тасмасы  жеңип алды.

Кыргыз Эл артисти жана режиссёр Артыкпай Сүйүндүковго «Мыкты режиссура» номинациясында сыйлык ыйгарылды. Сүйүндүков тарткан «Шамбала» тасмасы фестивалдын толук метраждуу фильмдер номинациясында ат салышкан. Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде жаралган бир жарым сааттык «Шамбала» тасмасы Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» студиясында 2020-жылы тартылып бүткөн. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы ошол жылдын июль айында Кытайдын Шанхай шаарындагы фестивалда болгон.

«Мыкты сценарий» сыйлыгы Түркиядан «Мавзер» тасмасына ыйгарылды.

Ал эми Өзбекстандан «пассионат» тасмасы калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыды.

Anahtar Kelimeler: «Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» кинофестивалы,

Жаңылыктар