«Коркут Ата-түрк дүйнөсү» кинофестивалынын сыйлык тапшыруу аземине белгилүүлөр катышты

«Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды.

13 Kasım 2021 19:25

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен «Бейоглу маданият жолу» фестивалы алкагында 8-12-ноябрда «Коркут Ата-түрк дүйнөсү» кинофестивалы өттү.

Алгач ирээт өткөн фестивалга 13 өлкөдөн 42 тасма катышты.  Ошондой эле түрк дүйнөсүнөн кинорежиссер, актёр жана маданият өкүлдөрү келишкен.

Фестивалды өткөрүүгө Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги, Эл аралык кино ассоциациясы, Түрк кеңеши, ТҮРКСОЙ, ТРТ, Стамбул университети жана бир катар уюмдар колдоо көрсөткөн.

Түрк дүйнөсү киноиндустрия тармагында кызматташат

«Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» кинофестивалы алкагында түрк тилдүү мамлеттер ортосунда киноиндустрия тармагында кызматташуу боюнча  биргелешкен декларацияга кол коюлду. Келишимге Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри Азамат Жаманкулов, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой,  Азербайжан Республикасынын Маданият министри Анар Керимов, Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Актоты Райымкулова жана Өзбекстан Республикасынын Кинематография агенттигинин башкы директору Фирдавс Убдулхакилов кол коюшту.

Сыйлык тапшыруу аземине көптөгөн белгилү инсандар катышты

Сыйлык тапшыруу аземине Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, анын орун басарлары Ахмет Мисбах Демиржан, Өзгүл Өзкан Явуз, президенттин башкы кеңешчиси Фежир Алптекин, түрк киносунун башкы директору Эркин Йылмаз, президент Режеп Таййип Эрдогандын кызы Сүмейе Эрдоган Байрактар, Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин кызы Арзу Алиева катышты. Ал эми түрк тилдүү мамлекеттерден «Томрис» тасмасынын режиссёру Акан Сатаев, башкы актрисса Альмира Турсын, Кыргызстандан Ширин Айтматова баштаган белгилүү ысымдар, продюсерлор, режиссёрлор жана актёрлор келишкен.

Ошондой эле белгилүү актер Барыш Ардуч, Фахрие Эвжен, Мехмет Өзгүр, Энгин Алтан Дүзятан катышты.

Азем концерттик программа менен жыйынтыкталды.

 

 

Anahtar Kelimeler: «Коркут Ата-түрк дүйнөсү» кинофестивалы,

Жаңылыктар