Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту.

Кыргызстан менен Түркиянын президенттери эки тараптуу кызматташуунун кеңири багыттарын талкуулашты.

12 Kasım 2021 22:01

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркиянын Стамбул шаарындагы Демократия жана  Эркиндин аралында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин алкагында Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту.

Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Режеп Таййип Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Түркия менен Кыргызстандын стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешинин үстүбүздөгү жылдын июнь айында өткөн жыйыны эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошумча дем бергенин белгиледи.

Садыр Жапаров буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, анын ичинде Кыргыз-Түрк инвестициялык фондун түзүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Anahtar Kelimeler: Жапаров, Эрдоган,

Жаңылыктар