25

Кыргыз-Түрк «Манас» университети 25 жылдыгын белгилөөдө

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору проф.докт. Алпарслан Жейлан окуу жайдын артыкчылыктары тууралуу маалымат берди

02 Aralık 2021 17:06

Алпарслан Жейлан баса белгилегендей Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан кол коюлган келишимдин негизинде ачылган «атайын статустагы мамлекеттик университет» болуп саналат. Бул жылы окуу жайдын 25-жылдыгы белгиленүүдө.

25 жыл аралыгында «Манас» университети улам өнүгүп, Кыргызстандагы гана эмес, аймактагы эң престиждүү жогорку окуу жайга айланды.

Университеттин негизги максаттарынын бири түрк дүйнөсүнүн биримдигине жана өнүгүүсүнө салым кошуу. Окуу жайда билим берүү түрк жана кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мындан тышкары англис жана орус тилдерин чет тили катары окутууга да өзгөчө басым жасалат.

Алпарслан Жейлан белгилегендей, КТМУ түрк дүйнөсүнүн биримдигине салым кошо турган маанилүү кадамдарды ишке ашырууда.

КТМУ Борбор Азия чөлкөмүндөгү алдыңкы окуу жай

Окуу жайдын ректорунун маалыматына караганда, университетте 11 факультет, 2 жогорку мектеп, 4 институт жана  7 лабараториялык илимий борбор бар. Бакалавр программасы боюнча 5613 студент билим алууда. Алардын 80 пайызын кыргызстандыктар түзсө, калган 20 пайызы чет өлкөлөрдөн келген жаштар.

Окуу жай Бишкек шаарында орун алган. КТМУ Борбор Азия чөлкөмүндөгү алдыңкы окуу жай.

КТМУнун бүтүрүүчүлөрү 45 өлкөдө иштеп жатат

Алпарслан Жейлан белгилегендей КТМУда билим берүү акысыз жүргүзүлөт. Окууда жогорку жетишкендиктерге ээ болгон студенттерге «артыкчылык» стипендиясы да берилет. Түркиялык студенттер Кредиттер жана жатаканалар башкармалыгы тарабынан берилген стипендия жана билим берүү насыясын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Түркияда жана Түркиянын дипмломун тааныган мамлекеттерде, Кыргызстанда жана Кыргызстандын дипмломун тааныган мамлекеттерде иштей алышат. Учурда КТМУнун бүтүрүүчүлөрү 45 өлкөдө иштеп жатат.

Окуу жайда Кыргызстандык жана Түркиялык алдыңкы илимпоздор эмгектенет. Ошондой эле 6 мамлекеттен келген окутуучулар сабак берет.

Биринчи курстун студенттерине студенттик үй берилет

Жейландын айтымында чет өлкөдөн келген бардык студенттер биринчи курста студенттик үч жана жатакана менен камсыз болушат. Студенттик үй жана жатаканада арзан баада түшкү, кечки тамак берилип, 24 саат ысык суу жана интернет менен камсыз болушат.

 

Anahtar Kelimeler: КТМУ,

Жаңылыктар