Кыргыз-Түрк «Манас» университети-Университеттен да артык 

 Кыргыз-Түрк «Манас» университети түрк дүйнөсүнө жана жалпы адамзатка салым кошкон "эл аралык деңгээлде абройлуу жана дүйнөгө таанылган университет" болууга ишенимдүү кадам таштоодо.  

26 Kasım 2021 22:03

Kыргыз-Түрк «Манас» университети Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан 1995-жылы, 30-сентябрда Измир шаарында кол коюлган «Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк «Манас» университетин ачуу боюнча эл аралык келишимдин» негизинде ачылып, 1997–1998-окуу жылынан тартып, студенттерге билим бере баштаган.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети Түркиядагы Жогорку билим берүү комитетинин карамагындагы университеттер менен бирдей статустагы университет болуп саналып, билим берүү акысыз жүргүзүлөт. Окууда жогорку жетишкендиктерге ээ болгон студенттерге «артыкчылык» стипендиясы да берилет. Университет студенттерди окуу китептери, арзан баада жатакана жана түшкү, кечки тамак менен камсыз кылат. Университетте билим берүү түрк жана кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мындан тышкары англис жана орус тилдерин чет тили катары окутууга да өзгөчө басым жасалат.

Университетте  11 факультет, 1  чет тилдер жогорку мектеби жана 1, кесиптик жогорку мектеп бар.

Университеттин миссиясы – түрк тилдүү жана боордош мамлекеттердин жаш муундарынан баштап, үзгүлтүксүз билим алууга умтулган коомдун бардык катмарларына билим берүү жана орток көз-караштарды иштеп чыгуу максатында өз тармагында мыкты, өзүнө болгон ишеними жогору, орток маданий баалуулуктар алкагында адеп-ахлактык принциптерге жана жалпы дүйнөлүк баалуулуктарга ээ болгон, коомдун алдында жооптуу, заманбап, эл аралык деңгээлде иштей алчу адистерди даярдоо жана түрк цивилизациясы менен дүйнөлүк илимге салым кошуу.

Anahtar Kelimeler: Kыргыз-Түрк «Манас» университети,

Жаңылыктар