25

Кыргыз-Түрк “Манас” университетине 25 жыл

Кыргыз-Түрк “Манас” университетин 25 жылдык маарекеси салтанатту белгиленди.

03 Aralık 2021 12:56

2-декабрь күнү аталган КТМУнун Маданият борборунда окуу жайдын 25 жылдык мааракеси белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, КРнын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Калыс Шадыханов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Мехмет Давулжу, Азербайжан Республикасынын элчиси Латиф Сейфеттин Оглу Гандилов, Монголиянын КРдагы элчиси Ганхуяг Содном, Венгриянын элчиси Шандор Дороги, Пакистандын элчиси Сардар Азхар Тарик Хан, Түркмөнстан элчилигинин атташеси, Өзбекстан Республикасынын элчисинин кеңешчиси Улугбек Абдуяминов, Коркут Ата Кызыл-Орда университетинин ректору Бейбитгүл Каримова, Кыргызстан Эл аралык университетинин төрагасы Асылбек Айдаралиев жана проректору Баатырбек Акылбеков, Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясынын ректору Индира Кудайбергенова, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин проректору Бекжан Төрөбеков, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин проректору Зарылкан Жолдошбекова, Дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Саиддин Азизбаев, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Чынара Адамкулова, Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Владимир Нифадьев, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Аида Балтабаевалар сындуу ардактуу коноктор катышышты.

Иш чара эки өлкөнүн улуттук гимндери менен башталып атайы чакырылган сыйлуу конокторго куттуктоо сөздөрү ыйгарылды.

Программаны алып барган  Манас ТВ, радиосунун директору докт. Бүлент Намал  Түркия Республикасынын Президенттик аппаратынын байланыш директору жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы проф. докт. Фахреттин Алтундун куттуктоосун окуду.

Ал куттуктоодо Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Манас университетине карата айткан жылуу пикирлери жазылган. Аны менен бирге Кеңештин кадырлуу төрагасы: “Манас университетин Улуу түрк дүйнөсүнө кызмат кылуу максатында ачылган эле. Ачылган күндөн тарта 25 жылдын ичинде өз максатын мыкты аткарып, Түрк дүйнөсүнө өзүнүн бүтүрүүчүлөрү, мүмкүнчүлүктөрү менен өтө жогорку деңгээлде кызматын сунуп келе жатат”,-деп жазган.

Чыгып куттуктоо айткан меймандардын ичинен Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарымдуу элчиси Ахмет Садык Доган мырзанын: “Манас университети ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн жетегинде Кыргызстандын жана Орто Азиянын өнүгүүсүнө зор салым кошууда” деген сөзү бекем колдоого арзыды.

Ал эми КРнын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Калыс Шадыханов университеттин 25 гана жылдык тарыхы бар жаш окуу жай экенине карабай жасаган иштери боюнча өтө алдыда экенин баса белгилеп кетти.

Ректор Проф.докт. Алпаслан Жейлан болсо: “Азырынча 25 жылдык чынарбыз. Мен ишенем 500 жылды дагы карытка окуу жай болобуз. Ошол учурда биздин ордубузга башкалар чыгып куттуктайт”,-деп сөзүн баштап, 2040-жылдарга карата университеттин билим берүү тармагында кандай пландар коюлуп, аларды ишке ашырууда эмне деген стратагиялар иштелип жаткандыгы менен бөлүшө кетти.

25 жылдык мааракенин жүрүшүн КРнын Эл артисти Курмангазы Азыкбаевге окшогон чыгаан өнөрпоздордон баштап, окуу жайдын өздүк көркөм чыгармачылыгынын таланттуу жаштарына чейин колдоп-коштоп ыр-бийлерин тартуулашты.

Эл Аралык деңгээлдеги мартабалуу Манас университетинин 25 жылдык мааракеси окуу жайдын гимни менен жыйынтыкталды.

Жаңылыктар