Кыргызстан: Улуттук тарых музейи ачылды 

Кыргызстандын борбору Бишкектеги Улуттук тарых музейи оңдоп-түзөө иштеринен кийин салтанаттуу ачылды

19 Kasım 2021 16:07

Бишкекте беш жарым жыл бою жабык турган Улуттук тарых музейи салтанаттуу ачылды. Анын ачылышын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев  жасады. Расмий ачылыш аземи театрлаштырылган иш-чара менен коштолду.

Ал эми эртең, 20-ноябрдан тарта музей бардык каалоочулар үчүн өз эшигин ачат.

Тарых музейи Советтер Союзунун тушунда салынган.  2016-жылдын 25-майында оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан имараттын сыртын жасалгалоо каржыланган.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Улуттук тарых музейинин ачылышы саясий жана экономикалык себептерден улам кечиккенин билдирди. Улуттун жүзү болгон тарых музейин кайрадан ачуу чоң кубаныч экендигин баса белгиледи. Өз кезегинде музейдин сыртын оңдоого жана жашылдандырууга кошкон салымы үчүн Түркия мамлекетине жана ТИКАга өзүнүн жана Кыргызстандын өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

Музейди жаңылоо иштери эки этап менен жүргүзүлгөн. Алгач музейдин сырты оңдолуп, жашылдандырылган. Андан соң ичи оңдолгон.

Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп нускалары коюлган. Ошондой эле жаңы жабдыктар келип, мультимедиа менен коштолот.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Бишкек, Улуттук тарых музейи, ТИКА,

Жаңылыктар