77

Кыргызстанда Ахыска сүргүнүнүн 77 жылдыгы эскерилди

Кыргызстан элинин ассамблеясынын курамында иш алып барган Кыргызстандагы Ахыска түрктөр коому сүргүндүн 77 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасын уюштурду.

14 Kasım 2021 18:23

Кыргызстандын борбору Бишкектеги ресторандардын биринде Ахыска сүргүнүнүн 77 жылдыгы эскерилди. Иш-чарага Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, түрк мекемелеринин жооптуу кызматкерлери, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, сүргүндүн күбөлөрү жана ардактуу коноктор катышты.

Эскерүү иш-чарасы алкагында, 77 жыл мурда сүргүн учурунда каза болгондорго багышталып куран окулду.

Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, тарыхта түрк элдери бир катар кыйынчылыктарга дуушар болгонун, антсе да ага моюн сунуп, мөңкүрөп чөкпөй, улам кайра өйдөгө көтөрүлүп, бири-бирине жөлөк таяк болгонун баса белгиледи. Өз кезегинде Түркия Ахыскалык түрктөрдүн ата-мекени экендигин айтты.

«Албетте Кыргызстан силердин ата-мекениңер. Бирок, силердин дагы бир ата-мекениңер бар. Ал Түркия. Муну эч качан унутпагыла»,-деди ал.

Элчи мырза ошол эле учурда Ахыска түрктөрүнүн трагедиялуу тарыхын келечек муундарга айтып жеткирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ал эми Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасынын орун басары Зухра Шидакова карачай эли да 1943-жылы сүргүнгө кабылганын эске салды.

«Сүргүн... вагондор... көздөн аккан жаш... өлүм.... Көптөгөн сөөктөр вагондордон ыргытылган. Ата-бабаларыбыздын сөөгү кайсы жакта калганын билбейбиз»,-деди ал.

Шидакова, мусулман элдеринин бейкүнөө жерден сүргүнгө айдалганын белгиледи.

Кыргызстандагы Ахыска түрктөр коомунун вице-президенти Бегзада Алиев: «Биздин эл мындан 77 жыл мурун Ахыскадан Кыргызстанга, Казакстанга, Өзбекстанга сүргүнгө айдалган. Бүгүнкү күндө элибиз дүйнөнүн 9 мамлекетине чачыранды болуп жашап жатат. Элибиз абдан оор күндөрдү башынан өткөрдү»,-деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө сүргүндүн күбөлөрү сөз сүйлөп, башынан өткөргөн окуялары туралуу айтып берди. Ошондой эле сүргүн тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, ырлар көркөм окулду.

14-ноябрь 1944-жылдагы Ахыска сүргүнү

Азыркы Грузия Республикасынын аймагында калган жана Түркия Республикасы менен чек аралаш болгон жердин аты Ахыска деп аталат. Бул аймакта жашаган ахыска түрктөрү, 1944-жылы Сталиндик өкмөттүн чечимине ылайык чек ара коопсуздугун камсыз кылуу аргументи менен вагондорго жүктөлүп сүргүнгө айдалган. Өз ата мекенинен зомбулук менен ажыратылган, Ахыскалыктар, Орто Азия жана Сибирияга зордоп көчүрүлгөн. Сүргүн учурунда 17 миңдей адам сууктан, оорудан жана ачкачылыктан көз жумган.

Советтер Союзу ыдырагандан кийин архивдердеги маалыматтар каралып, сүргүн Сталиндин Кара деңиздин жээгин түрктөрдөн тазалоо операциясынын бир бөлүгү экени аныкталган.

Anahtar Kelimeler: Ахыска сүргүнү,

Жаңылыктар