Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүүдө

Бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

28 Kasım 2021 11:00

Кыргызстанда бүгүн, 28-ноябрда, жетинчи чакырылыштары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө.

Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилкеси өлкө аймагында түзүлгөн.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420, ал эми бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 621 миң 751ди түзөт.

Партияларды шайлоо үчүн жалпы 3 млн 702 миң 646 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде 2 млн 970 миң157, орус тилинде 732 миң 489 бюллетень бар. Мындан тышкары, 2 миң 494 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча чыгып жаткан талапкерлерге добуш берүү үчүн 3 млн 625 миң 277 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде 2 млн 928 миң 810, орус тилинде 696 миң 467, Брайль ариби менен 2 миң 435 бюллетень жиберилген.

Iшайлоого 21 саясий партия аттанды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 21 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алар:

  1. «Бүтүн Кыргызстан»,  
  2.  «Ата Мекен»,
  3.  «Ишеним»,
  4.  «Ынтымак», 
  5.  «Улуттар Биримдиги»,
  6.  «Ата-Журт Кыргызстан»,
  7.  «Ыйман Нуру»,
  8.  «Альянс»,
  9.  Эл Үмүтү"
  10.  «Азаттык»,
  11.  «Улуу-Журт»,  
  12. «Мекенчил Эл»,
  13.  «Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук партия»,  
  14. «Социал-демократтар», 
  15. « Аруузат», 
  16.  «Ордо», 
  17.  «Багыт», 
  18. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»,
  19.  «Легалайз», 
  20.  «Күчтүү регион»,
  21.  «Жашасын Кыргызстан».

Андан сырткары бир мандатуу округдан 287 талапкер ат салышууда.

Шайлоого катышкан жарандардын беш пайыздан, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайыздан кем эмес добушун алган партия утуп чыгат. Бир мандаттуу округдан эң көп добуш алганы жеңүүчү деп таанылат.

Белгилей кетсек, КР БШКсы тарабынан 736 эл аралык байкоочулар, 7 өлкөдөн 50 чет өлкөлүк журналисттер КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан аккредитацияланган.

Түркияда үч шайлоо тилкеси ачылды

Чет өлкөдө жашаган жарандарүчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу ачылды. Түркияда жашаган Кыргызстандын жарандары парламенттик шайлоого карата Анкарадагы Кыргызстандын элчилигинде, Стамбулдагы жана Анталиядагы Башкы консулдуктарында үч шайлоо тилкесинде добуш берүүдө. Бул тилкелерде Түркияда жашаган жана каттоодон өткөн кыргызстандыктар эртең мененки 8:00дөн тарта кечки сегизге чейин добуш бере алышат.

Үч участокто жалпысынан 3131 шайлоочу бар. Алардын 1081и Анкарада, 1279у Стамбулдагы башкы консулдукта, 771и Анталияда катталган.

Былтыркы парламенттик шайлоо жокко чыгарылган

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө башаламандык болуп, бийлик алмашкан. Ал ортодо шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Натыйжада VI чакырылыштын депутаттары алты жыл иштеди.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, парламенттик шайлоо,

Жаңылыктар