Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.

28 Kasım 2021 21:26

28-ноябрда, өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

 Садыр Жапаров шайлоо аяктагандыгына байланыштуу кайрылуу жасады 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктагандыгына байланыштуу кайрылуу жасады.

Мамлекет башчы бүгүнкү күндү тарыхый күн деп атап, бул шайлоо элдин, Баш мыйзамдын талабына жана эл аралык ченемдерге ылайык, акыйкат өткөнүн белгиледи. Административдик ресурс колдонулбаганын айтты.

"Биз демократиялык өлкө катары ушул милдетибизди так аткардык десем жаңылышпаймын. Бийлик тараптан бардык партияларга жана талапкерлерге бирдей, Конституцияда кандай белгиленсе, так ошондой теңдик шарттар түзүлдү. Бирөөнө дагы жан тартууга, административдик ресурс колдонууга жол берилген жок. Ошондуктан, шайлоо өнөктүгүн баштан аяк мыйзамдын чегинде, ачык-айрымдуулуктун шартында жүргүзүүнү камсыз кыла алдык. Таза жана адилет шайлоо өткөрө аларыбызды далилдедик", - деп белгиледи президент.

Добуш берүүгө шайлоочулардын жалпы санынын 32,12%ы катышты 

Автоматтык эсептөөчү урналардын (АСУ) маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 шайлоочунун ичинен 1 миллион 189 миң 493 жаран добуш берди. Бул тууралуу брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, бирдиктүү шайлоо округу боюнча 2266 АСУнун 2494үнүн (90,86%) маалыматы алынды. Добуш берүүгө шайлоочулардын жалпы санынын 32,12%ы катышты.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 2435 АСУнун ичинен 2392нин маалыматы алынды. Жалпысынан добуш берүүгө 3 млн 519 миң 292нин 1 млн 251 миң 624ү келген.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, парламенттик шайлоо,

Жаңылыктар