Кыргызстандагы сырдуу күмбөз: Манастын күмбөзү

Эл ичинде Манастын күмбөзү деп аталып жүргөн тарыхый эстелик чындыгында Кенизек-Хатунга таандык.

12 Kasım 2021 20:34

Эл ичинде Манастын күмбөзү деп аталып жүргөн күмбөз Кыргызстандын чегиндеги байыркы эстеликтердин ичинен элге кеңири таанылган.

Тарыхый эстелик Талас районундагы Кеңкөл өрөөнүндө, Талас шаарынан 15 чакырым чыгыш тарапта жайгашкан.

Манастын күмбөзү — орто кылымга (14-к.) таандык архитектуралык эстеликтердин бири. Ал түрк-ислам тарыхындагы маанилүү тарыхый архитектуралык балуулуктардын  катарын толуктайт.

Күмбөз бышкан кыштан салынган. Пирамида түрүндөгү төрт бурчтуктун үстүнө орнотулган 16 кырдуу чатыры бар.  Оймо-чийме менен кооздолгон.

Эпос жана эл ичиндеги уламыш боюнча күмбөздү баатырды эскерип жүрүш үчүн анын жары Каныкей атайын тургузган. Бирок сыртындагы жазууда, аял кишинин ысымы жазылуу. Муну менен «Каныкей Манастын сөөгүн душмандардын жашыргысы келген» деп айтылып жүрөт.

Чындыгында  эл ичинде Манастын күмбөзү деп аталып жүргөн тарыхый эстелик Абуке эмирдин кызы Кенизек-Хатунга арналып салынган. Ал күмбөздүн башкы фасадындагы «куфи» жазмасындагы жазууда аныкталган. Бирок арехологиялык казууларда бир гана кишинин эмес, эки кишинин сөөгү табылган.

Манастын күмбөзү мамлекет тарабынан коргоого алынган.

Anahtar Kelimeler: Манастын күмбөзү, Кыргызстан,

Жаңылыктар