Мустафа Шентоп Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн кабыл алды

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков баштаган делегацияны кабыл алды

02 Haziran 2022 11:12

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Төрагасы Чингиз Айдарбеков Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен сүйлөшүү өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты жана көп тараптуу аянтчалардагы өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү жолдору боюнча пикир алмашышты, ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды мындан ары да чыӊдоога басым жасашты.

Мустафа Шентоп Түркия менен Кыргызстан ортосундагы ымала барган сайын өнүгүп жатканын баса белгилеөө менен бирге, стратегиялык жана боордоштук мамилелерди колдоого жана тереңдетүүгө артыкчылык берээрин айтты. Өз кезегинде 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетине токтолуп, Кыргызстандык делегацияны ФЕТӨ туралуу эскертти.

Ал ошол эле учурда Түркияда ФЕТӨгө каршы олуттуу күрөш жүрүп жатканын, аталган террордук топтун мүчөлөрүнүн иши сотто каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынганын айтты. Натыйжада ФЕТӨнүн Түркияда иш-алып баруу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылганын баса белгиледи.

ФЕТӨ улуттук коопсуздукка коркунуч туудуруу менен бирге кыргыз-түрк алакасын бузууга белсенип жатканын кошумчалады. Өз кезегинде Кыргызстанды ФЕТӨгө каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтүүгө жана бул жаатта Түркия менен кызматташууга чакырды.

 

Жаңылыктар