Омелян Прицак - Украиналык чыгаан чыгыш таануучусу, түрколог, филолог.

62 тил билген Омелян Прицак Махмуд Кашгари жана анын өмүрү таржымалы тууралуу бир катар олуттуу макалаларды жазган.

13 Kasım 2021 10:48

Омелян Иосифович Прицак 1919-жылы 7-апрелде Батыш Украинадагы Львов облусуна караштуу Самбор районундагы Лука шаарында туулган.

Тернополдо гимназияны бүтүргөн соң, Львов шаарындагы университетке тапшырган. Анда Украина тарыхы жана чыгыш таануу адистиктери боюнча таалим ала баштаган.

1964-жылы ал Гарвард университетинин чакырыгына ылайык АКШга көчүп, аталган университетте жалпы лингвистика жана түркология тармагындагы профессор болуп иштеген.

Кийинчерээк Гарвард университетинде Украина тарыхы кафедрасын негиздеп, анын биринчи директору болгон.

Ал Махмуд Кашгари  тууралуу бир катар олуттуу макалаларды жазган.

Көптөгөн университеттердин ардактуу доктору, Кыргыз тарых коомунун ардактуу мүчөсү болгон.

О.Прицак 2006-жылы 29-майда АКШда дүйнөдөн кайткан.

Негизги эмгектери: «Онунчу кылымдагы хазар еврей документтери», «Орто кылымдагы Евразия тарыхы боюнча изилдөөлөр», «Печенегтер: социалдык жана экономикалык трансформация», «9-11-кылымдардагы Евразия аймагындагы эки миграциялык кыймыл», «Огуз Ябгу империясынын кулашы», «Махмут Кашгари ким болгон?», «Балкар тилиндеги созулган үндүүлөр», «Караханийлер».

2009-жылы анын урматына Омелян Прицак атындагы Чыгыш таануу илимий борбору түзүлгөн. Борбордо Прицактын 70 жыл бою чогулткан мурасы; философия, тил илими, дүйнөлүк тарых, чыгыш таануу, славян таануу, скандинавия таануу, археология, философия боюнча кол жазмалары, басылмалары, тарыхый булактар, архивдик документтер, көркөм жана маданий эстеликтер сакталууда.

Anahtar Kelimeler: Омелян Прицак,

Жаңылыктар