Президент Садыр Жапаров Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды.

08 Kasım 2021 14:16

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына ТМККнын алдыда өтүүчү жыйынына даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Садыр Жапаров Түрк кеңешине катышуучу өлкөлөрдүн интеграциялык процессинде жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдөгү негизги ролун баса белгиледи. Ал Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине катышууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров алдыда өтүүчү саммит, Түрк кеңешин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк болот деген пикирин билдирди.

Багдад Амреев кезектеги жыйынга даярдыктардын жүрүшү жана талкууга алына турган күтүлүүчү маселелер тууралуу кеңири айтып берди.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө ТМККнын Инвестициялык фондун Бишкек шаарына жайгаштыруу маселелери талкууланды.

Anahtar Kelimeler: Садыр Жапаров, Багдад Амреев,

Жаңылыктар