Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

28 Kasım 2021 11:32

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди.

Добуш берүү процедурасы аяктагандан кийин Садыр Жапаров өлкө жарандарын парламенттик шайлоого активдүү катышуу менен атуулдук милдетин аткарууга чакырды.

«Ар бириңиздердин добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн, балдарыңыздардын келечеги аныкталат», — деп кайрылды президент Садыр Жапаров өлкө жарандарына.

Ал эми  КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын № 71 жалпы орто билим берүү мектеп-интернатынын имаратында жайгашкан № 1142 шайлоо участогунда добуш берди.

Добуш берүү процедурасы аяктаган соң Акылбек Жапаров мекендештереге кайрылып, аларды өз жарандык милдетин аткарууга чакырды.

"Биздин шайлоого жана шайланууга укугубуз бар. Сиздер татыктуу тандоо жасап, сиздердин кызыкчылыгыңыздарды жактап, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүп, сиздердин пенсияларыңызды жана айлык акыңыздарды жогорулата турган мыйзамдарды жаза турган депутаттарды шайлайсыздар деп ишенем. Өлкө тарыхында алгач ирет президенттин администрациясы жана министрлер кабинети шайлоо процессине кийлигишкен жок деп айтууга болот.

Сиздердин жоопкерчиликтүү, салмактуу, патриоттук жарандык позицияңыздарга ишенем”, - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева парламенттик шайлоого катышып, өз тандоосун жасады.

Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Аида Касымалиева Бишкек шаарындагы №1004 шайлоо участкасында добуш берди.

Жарандык милдетин аткарган соң, төраганын милдетин аткаруучу парламентти шайлоо аябай маанилүү экенин баса белгилеп, “Бул күн өлкөнүн тагдырын чечкен, ар бир добуш маанилүү болгон күн. Ушул күнү парламенттеги татыктуу эл өкүлдөрүн шайлап алуу ар бир адамдын жарандык жоопкерчилиги. Андыктан элибиз конституциялык укугун пайдаланып, шайлоого активдүү катышуу менен өзүнүн каалоосу жана жүрөгү менен добуш берет”- деген оюн билдирди.

Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоого Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Эл аралык байкоочулар миссиясы менен катар 736 чет элдик байкоочу көз салууда.

 «Кыргызстанда демократиялык жана ачык шайлоо болушун каалайбыз»

ТүркПА Эл аралык байкоочулар миссиясынын төрагасы жана депутат Режеп Шекер добуш берүү процессинин ийгиликтүү өтүшүн каалады.

«Добуш берүү участокторун кыдырып жатабыз. Шайлоочулар, шайлоо участкаларынын жетекчилери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, көз карандысыз талапкерлер менен жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Парламенттик шайлоо демократиялуу жана ачык-айкын болооруна ишенебиз»,-деди Режеп Шекер.

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, парламенттик шайлоо,

Жаңылыктар