Пушкин суктанган «көз жаш» кудугу

Бахчисарайда орун алган «көз жаш» кудугу крым татар архитектурасынын уникалдуу үлгүсү болуп саналат.

24 Haziran 2021 13:40

 

«Көз жаш» кудугун Крым ханы Гирай хан сүйүктүү жубайы Дилара бийкечтин көзү өтүп кеткенден кийин салдырган. Уламышта айтылгандай, Дилара бийкеч ары сулуу, ары сымбаттуу айым болгон. Ал жаш кезинде каза тапканда күйүтүнө чыдабаган Гирай хан кудук салдырып, «андагы суу кудум менин көз жашымдай агып турсун»,- деген. Чындыгында кудуктагы суу  тамчы тамчы болуп агып, кудум көздүн жашын элестетет.

Кудук ак мрамордон салынып, укмуштуудай кооздолгон. Андагы ар бир символ хандын күйүтүн чагылдырып тургандай элес калтырат.

«Көз жаш» кудугу жөнүндө көптөгөн легендалар айтылып келет.  Аны даңазалап акындар ыр жазышкан. Жазуучулар тамшандырган уламыш, жомокторду жаратышкан.

«Көз жаш» кудугу жөнүндө жазылган чыгармалардын ичинен эң эле белгилүүсү Александр Сергеевич Пушкиндин «Бахчисарай фонтаны» поэмасы.

Айрым иликтөөчүлөр, 1944-жылы крымдыктар сүргүнгө айдалганда Бахчисарайдын ысымын өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөнүн, бирок, Пушкиндин поэмасынан улам шаардын ысымы өзгөртүлбөй, ал тургай, кудук жайгашкан Хансарай талкаланбай, ошол бойдон сакталып калганын айтып келишет. 

Anahtar Kelimeler: «Көз жаш» кудугу, Крым, Гирай хан, Дилара бийкеч,

Жаңылыктар