Стамбул шаарында түрк дүйнөсүнүн «Коркут Ата» кинофестивалы башталды

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен өтүп жаткан «Бейоглу маданият жолу» фестивалы алкагында «Коркут Ата» түрк дүйнөсү кино фестивалы башталды.

08 Kasım 2021 00:39

Стамбул шаарында «Бейоглу маданият жолу» фестивалы өтүүдө. Фестивалга классикалык искусство, заманбап искусство, кино, адабият, бий, музыка ж.б. тармактардан миңден ашык өнөр адамдары катышууда.

Фестиваль алкагында «Коркут Ата»  деп аталган эл аралык кино фестиваль башталды. Алгач ирээт өтүп жаткан фестивалга 13 өлкөдөн 42 тасма катышып жатат.  Ошондой эле түрк дүйнөснүнөн кинорежиссер, актёр жана маданият өкүлдөрү келишкен.

Фестивалды өткөрүүгө Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги, Эл аралык кино ассоциациясы, Түрк кеңеши, ТҮРКСОЙ, ТРТ, Стамбул университети жана бир катар уюмдар колдоо көрсөткөн.

Фестивалга үй ээси Түркиядын сырткары Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Венгрия, Саха Республикасы, Татарстан, Гагаузия, Иран, Украина жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан тасмалар катышууда.

Фестиваль жалпы тарыхый, маданий жана коомдук баалуулуктарды бекемдөөгө салым кошууга багытталган

«Коркут Ата» кино фестивалынын максаты - түрк дүйнөсүнүн кинематографиясынын маданий жана интеллектуалдык түзүлүшүн жаш муундардын жана кино адистеринин назарына сунуштоо; жалпы түрк маданиятын чагылдырган тасмаларды элге тартуулоо; маданият жана искусство жаатындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошуу; кино искусствосу аркылуу жалпы тарыхый, маданий жана коомдук баалуулуктарды бекемдөө жана байытууга салым кошуу.

Фестивалда көркөм жана даректүү тасмалар ат салышат.

Фестиваль «тарыхый панорама», «заманбап адам пейзаждары», «даректүү тасма», «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар» жана «анимациялык тасмалар» категорияларын камтыйт.

Тасмалар 8-12-ноябрь күндөрү «Атлас 1948», «Эмек» кинотеатрларында Тарык Зафер Туная атындагы маданият борборунда жана Стамбул университетинин коммуникация факультетинин кино залдарында акысыз көрсөтүлөт.

Фестиваль алкагында  «Түрк дүйнөсүнүн 1-кино саммити» өткөрүлүп, анда, түрк тилдүү мамлекеттердин орток кино фондун түзүү маселеси талкууланат.

Стамбул кино музейинде кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлөт.

Ошондой эле «Айтматов жана кино» тегерек столу өтүп, ага, академиктер жана кино тармагынын адистери катышат.

Фестиваль 12-ноябрда жыйынтыкталат. Анын жыйынтыктоочу бөлүгү Ататүрк атындагы маданият борборунда өтүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

Фестиваль тууралуу кеңири маалыматты  www.turkdunyasifilmfestivali.org алсаңыздар болот.

 

Anahtar Kelimeler: «Коркут Ата» кино фестивалы,

Жаңылыктар