12 Kasım 2021 14:35
Стамбул шаарында ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылды.
Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев, Венгрия премьер-министри Виктор Орбан жана ТМКК Башкы катчысы Багдад Амреевдин катышуусунда өттү.
Мамлекет башчылары бир учурда өздөрүнүн улуттук тууларын көтөрүп, андан кийин ТМКК Катчылыгынын штаб-квартирасынын жаңы имаратынын алдында лента кесишти.
Биргелешип сүрөткө түшкөн соң, Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери бейформал жагдайда баарлашуу үчүн ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын имаратына киришти.
Андан соң мамлекет башчылары Түрк Кеңешинин 8-саммити өтө турган Демократия жана Эркиндиктер аралына жөнөп кетти.
Anahtar Kelimeler: Түрк кеңеши,