Стамбулда түрк тилдүү мамлекеттердин бизнес форуму өттү

Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар биримдиги жана Түрк кеңеши уюштурган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия жана Венгриядан делегациялар катышты.

10 Kasım 2021 22:37

Стамбул шаарында өткөн форумга Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар биримдигинин (TOBB) төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу, Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев, Азербайжандык ишкерлердин улуттук конфедерациясынын председатели Мамед Мусаев, Казакстандын Улуттук ишкерлер палатасынын президенти Аблай Мырзахметов, Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Адхам Икрамов, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын 1-вице-президенти Роман Касымов жана Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Ласло Парраг катышты.

Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев кеңешке мүчө мамлекеттер ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өлкөлөр арасындагы экономикалык интеграцияны күчөтүүгө басым жасады.

«Түрк кеңешинин күн тартибиндеги негизги жана маанилүү маселелердин бири - экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү. Бизнес чөйрөсүндөгү мамилелерди жакшыртуу биздин башкы приоритетибиз»,- деп баса белгиледи ал.

Амреев ТМККнын Инвестициялык фонду ачылаарын кошумчалады.

«Учурда инвестициялык фонд ачуу пландалууда. Аны ачуу маселесин мамлекет башчыларыбыз Түрк кеңешинин саммитинде чечет деп ишенебиз. Түрк дүйнөсү үчүн инвестициялык банк түзүү негизги милдетибиз болсо, негизги максатыбыз түрк мамлекеттеринин ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга компанияларга шарт түзүп берүү»,-деди ал.

Бизнес-форумдун алкагында ишкерлерге бетме-бет сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн атайын платформа курулган. Анын алкагында ишкерлер бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

 

Anahtar Kelimeler: Түрк дүйнөсү,

Жаңылыктар