Стамбулда ТМКК отурумунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жарыяланды

Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн лидерлери Стамбул шаарындагы саммиттин жыйынтыгы боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүү чечимин кабыл алышты.

12 Kasım 2021 22:43

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын 8-саммити Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы алдында Стамбул шаарында Демократия жана эркиндиктер аралында «Санариптик доордогу жашыл технологиялар жана акылдуу шаарлар» темасы менен өттү.  Анын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жарыяланды.

Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн лидерлери Стамбул шаарындагы саммиттин жыйынтыгы боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүү чечимин кабыл алышты.

Чечим Уюмдун макамын жогорулатуу максатында, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши түзүлгөндөн бери жетишилген прогрессти эске алуу менен кабыл алынды.

Муну менен Түрк кеңешинин мамлекет башчылары мүчө мамлекеттердин ортосунда көп тараптуу форматта макулдашылган иш-аракеттерди камсыз кылууда жана регионалдык жана эл аралык аренада алардын кызыкчылыктарын андан ары илгерилетүүдө Уюмдун ролун жогорулатууга өзүнүн умтулуусун белгилешет.

Жаңы аталыштын берилиши Уюмдун эл аралык аренада позициясын бекемдөөгө жана анын ишмердүүлүгүнүн кеңейүүсүгө дем берүүгө оң таасир этери күтүлүүдө.

Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» документин кабыл алуу чечимине кол коюлду

Стамбул шаарындагы ТМКК саммитинин жыйынтыгы боюнча «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» документин кабыл алуу чечимине кол коюлду.

Түрк дүйнөсүнүн көз карашы 2040 – бул стратегиялык документ. Ал түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта артыкчылыктуу багыттарда, атап айтканда, коопсуздук, транспорт жана бажы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, энергетика, туризм, саламаттыкты сактоо, экология, айыл чарба маданият, билим жана илим, жаштар жана спорт, диаспоралар менен иштөө ж.б. тармактардагы кызматташуусун тереңдетүү боюнча «жол картасы» болуп саналат.

Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу өлкө болду

Түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү болгон боордош Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу мамлекет болуп кирди. Бул чечим достуктун жаркын мисалы болгон бүгүнкү күндүн олуттуу кадамы болуп калды.

Кыргыз-тажик чек арасы

Билдирүүдө кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү жаатындагы Кыргызстандын аракеттери колдоого алынганы белгиленди. Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы диалог кубатталып, эки тарапка тең келечекте өз ара ишенимди бекемдөө жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн зарыл чараларды көрүү сунушталды.

Терроризмге каршы күрөшүү

Билдирүүдө терроризм, экстремизм, сепаратизм, расизм, дискриминация, ксенофобия, исламофобия жана жек көрүүчүлүктүн бардык түрлөрүнө каршы күрөшүүдө кызматташтыкты өнүктүрүү жана эл аралык аренада бул багытта аракеттерди координациялоо чечими кабыл алынганы белгиленди.

Экономикалык кызматташтык

Өз ара соода жана инвестицияны жеңилдетүү үчүн зарыл чаралар көрүү жана уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда жагымдуу шарттарды түзүү жаатында кабыл алынган чечимдерди аткаруу үчүн тийиштүү органдарга тапшырмалар берилди.

Уюмга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосундагы соода, экспорт потенциалын жана инвестицияны арттыруу максатында Түрк Соода Үйлөрүнүн (TTE) түзүү жатында иш-аракеттер башталды.

Түркия Республикасынын президенттик аппаратынын Байланыш дирекциясынын аткарган иштери кубатталды

Мамлекет башчылары 22-24-октябрь күндөрү Стамбулда өткөн Эл аралык медиа форумду ийгиликтүү уюштурганы үчүн Түркия Республикасынын президенттик аппаратынын Байланыш дирекциясынын куттуктады. Ошондой эле медиа платформалары, улуттук телеканалдар жана маалымат агенттиктери ортосундагы кызматташтыкты арттырууну кубатташты.

121 беренени камтыган декларацияга казак, кыргыз, түрк, өзбек жана азербайжан тилдеринде  кол коюлду.

Anahtar Kelimeler: Түрк мамлекеттер уюму,

Жаңылыктар