Түрк дүйнөсү киноиндустрия тармагында кызматташат

Түрк дүйнөсүнүн маданият министрлери киноиндустрия тармагында кызматташуу боюнча  биргелешкен декларацияга кол коюшту.

13 Kasım 2021 12:46

Стамбул шаарында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен «Бейоглу маданият жолу» фестивалы алкагында «Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» кинофестивалы болуп өттү.

Фестивалдын сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун манилүүлүгүнө басым жасады.

Ал Түркиянын кино тармагы дүйнөдө абдан жакшы чекке жеткенин айттып, көп бөлүмдүү тасмалар бир топ ийгиликтерди багындырып, бир нече өлкөлөрдө көрсөтүлөөрүн кошумчалады.

«Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» кинофестивалы алкагында түрк тилдүү мамлеттер ортосунда киноиндустрия тармагында кызматташуу боюнча  биргелешкен декларацияга кол коюлду. Келишимге Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри Азамат Жаманкулов, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой,  Азербайжан Республикасынын Маданият министри Анар Керимов, Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Актоты Райымкулова жана Өзбекстан Республикасынын Кинематография агенттигинин башкы директору Фирдавс Убдулхакилов кол коюшту.

Министр Мехмет Нури Эрсой жаңы келишим Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанда киноиндустрия тармагында жаңы доордун эшигин ачаарын баса белгиледи. Ал ошондой эле келишим алкагында «Түрк дүйнөсүнүн кино фонду» түзүлөөрүн сүйүнчүлөдү. Биргелешкен долбоорлор ишке ашырыларын айтты.

Келишимге ылайык «Коркут ата - Tүрк дүйнөсү» кинофестивалы жыл сайын өткөрүлө турган болду. Фестивалдын экинчиси 2022-жыл үчүн «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп тандалган Бурса шаарында, үчүнчүсү Азербайжандын Шуша шаарында өткөрүлөт.

Фестиваль кийинки жылдары улам башка өлкөлөрдө кезек кезеги менен өткөрүлүп турат. Алсак 2024-жылы Казакстанда, 2025-жылы Өзбекстанда өткөрүү пландалууда.

Келишимге ылайык адистердин өз ара тажрыйба алмашуусуна шарт түзүлүп берилет. Келишимге кол койгон өлкөлөрдө «түрк дүйнөсүнүн кино жумалыгы» өткөрүлөт.

Anahtar Kelimeler: түрк дүйнөсү,

Жаңылыктар