Түрк тарыхында маанилүү оорду бар Курманжан Датка

Алай ханышасы Курманжан кыргыз тарыхында «датка» деген наам алган жападан жалгыз айым.

25 Eylül 2021 19:15

Курманжан Датка 1811–жылы Оштун Мады кыштагында туулган.

Алайдын жана Ош аймагынын башкаруучусу. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин атасынын үйүнө кайтып келген.  

1832-жылы Курманжан 21 жашында адигине уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, беш балалуу болгон. Алымбек даткага турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. Көп жылдар бою Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы жана насаатчысы болгон. Алымбек датка ордодо, Кашкарда саясий маселелер менен алектенип жүргөн мезгилдерде анын милдетин да кошо аркалаган. Ошол кезде эле Курманжан айымдын атагы Кокон хандыгы эле эмес, коңшу Бухара эмирлигине, атүгүл алыскы Россия серепчилерине да дайын болгон. 1862-жылы Кокон хан сарайындагы козголоңчулар тарабынан Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин Алайдагы башкарууну Курманжан биротоло өз колуна алган.

Курманжан Бухара эмири Сейит Музаффар менен Кокон ханы Кудаяр хандан «датка» наамын алган. Курманжан датка, хандыктын саясий иштерине аралашкан, ордодо жолугушууларды өткөрүп, ханга кеңеш айта алган. Ошол кезде Орто Азия жана түрк элдеринде «датка» даражасын алып жургѳн аял тарыхта болгон эмес.

Курманжан датка ошол учурдагы орус тѳбѳлдѳрүнѳ да коомдук жана мамлекеттик ишмер, акылман жана билгиликтүү башкаруучу, элине камкоор эне катары кадыр баркка ээ катары ээкендиги менен да белгилүү болгон. Орус генералдары аны «Алай ханышасы» деп атаган. Курманжан датка ѳз мезгилинде Россия падышачылыгынын Фергана ѳрѳѳнүндѳгү ишенимдүү акимдери Скобелевдин жана башка генералдардын урмат- сыйына арзыган. Анын акылман саясаты, билгичтиги, орус-кыргыз элдеринин ортосундагы куралдуу кагылышууларды токтотуп, тынчтыкта жашоого жол ачкан.

1907-жылы  "Алай канышасы" Курманжан датка 96 жаш курагында каза болгон.
2004-жылы Алай ханышасы» аталган Курманжан Датка тууралуу көркөм, тарыхый, биографиялык тасма тартылган. Аталган тасма түрк тилине которулуп, ТРТ Аваз телеканалынан көрсөтүлгөн.

Anahtar Kelimeler: Курманжан Датка, Алай канышасы,

Жаңылыктар