Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүлдү

Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдоган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүлгөнүн билдирди.

12 Kasım 2021 18:52

Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдоган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-саммитинен кийин билдирүү жасады. Мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүлгөнүн билдирди.

«Бүгүнкү саммит өлкөбүздүн тарыхында маанилүү орунду ээлеген Демократия жана Эркиндик аралында өттү. Мурда азап менен кыйынчылыктын аралы катары белгилүү болгон арал мындан ары эл аралык жолугушуулардын чордону болот деп ишенем», -деди ал.

«Азербайжандын жеңишине бүткүл түрк дүйнөсү сыймыктанды»

Белгилүү болгондой үстүбүздөгү аптада Карабактагы  жеңиштин бир жылдыгы белгиленди. Президент Р. Т. Эрдоган Азербайжандын президенти И. Алиевди жана Азербайжан элин жеке өзүнүн жана Түркиялыктардын атынан дагы бир ирээт куттуктады. Азербайжандын жеңишине бүткүл түрк дүйнөсү сыймыктанганын баса белгиледи.

Самит алкагында, Азербайжандын президенти И. Алиевге Түрк дүйнөсүнүн жогорку даражалуу ордени тапшырылды.

Жыйын жыйынтыгында Стамбул декларациясы кабыл алынды. Эрдоган баса белгилегендей, мамлекет башчылары Стамбул декларциясын кабыл алуу менен саясий тилектештигин жана экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө чечкиндүүлүгүн ырастады.

«Күн чыгыштан чыга турган убак кайра келет деп ишенем»

Эрдоган Түрк мамлекеттеринин уюму мындан ары өзгөчө өжөрлүк менен тамыр жайып, өсүп-өнүгүп, гүлдөөрүнө ишеним билдирди. «Чыгыш өлкөлөрү гүлдөп, күн чыгыштан чыга турган убак кайра келет деп ишенем»,-деди ал.

«Биздин максат тынчтыкка жана ырааттуулукка салым кошуу жана глобалдык маселелерди чечүүдө алдыңкы роль ойноо»,- деди Эрдоган.

 «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» документин кабыл алуу чечимине кол коюлду

Саммитинин алкагында президенттер «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040» документин кабыл алуу чечимине кол коюшту. Эрдоган Түркиянын уюмга төрагалыгы учурунда «жашыл технолияга» артыкчылык берилээрин баса белгиледи.

Түрк дүйнөсүнүн аксакалы Бинали Йылдырым бул жаатагы иштерге төрагалык кылаарын айтты.

Түрк мамлекеттеринин уюму Африкага 2,5 миллион доза вакцина бере турган болду. Анын 2 миллион дозасын Түркия каржылайт.

 

 

Anahtar Kelimeler: Түрк мамлекеттер уюму,

Жаңылыктар