Түркия Кыргызстанды шайлоонун тынч өтүшү менен куттуктады

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктады.

29 Kasım 2021 12:33

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктады.

"2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасында өткөн парламенттик шайлоо тынч жана бейпил кырдаалда ийгиликтүү аяктаганына кубанычтабыз. Биз тарыхый жана маданий байланышта болгон Кыргызстандын туруктуулугуна жана гүлдөп өнүгүшүнө өзгөчө маани беребиз. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы дос жана боордош Кыргызстан үчүн байсалдуу болушун каалайбыз",- деп жазылган билдирүүдө.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, парламенттик шайлоо,

Жаңылыктар