Түркиядагы байыркы Кемалия району дүйнөлүк мурастардын туруктуу тизмегине кирүүгө талапкер

Эрзинжан облусуна караштуу Кемалие району “Адамзаттын дүйнөлүк маданий мурасы” номинациясы боюнча ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине сунушталып, убактылуу каттоодон өттү. Алдыда районду негизги (туруктуу) тизмекке киргизүү аракети көрүлүүдө.

19 Haziran 2021 01:05

 

ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас комитетинин Парижде өткөн жыйынында Эрзинжан облусуна караштуу Кемалие району Адамзаттын дүйнөлүк маданий мурасы” номинациясы боюнча болжолдуу тизмесине киргизилди. Алдыда тарыхый районду негизги (туруктуу) тизмекке киргизүү аракети көрүлүүдө.

Райондун тарыхы

Эрзинжан облусуна караштуу Кемалие районунун тарыхы  б.з.ч. III миң жылдыктын башына барып такалат.  Шаар байыркы көркөм архитектуралык курулуштары, тарыхы, маданий байлыктары жана табигый кооздугу менен дүйнөгө атагы чыккан. Тогуз жолдун томунда жайгашкан аймак, колдон колго өтүп, Рим, Византия, Илханлы, Аккоюнлу, Селжук жана Осмон империялары өкүм сүргөн.

Аймактын тарыхтагы аты Эгин болгон. Эгин сөзү «бейиштей кооз жер» деген маанини түшүндүрөт. Райондун жашоочулары Улуттук боштондук согушта ири эрдик көрсөткөндөн улам, аталган согушту жетектеген Мустафа Кемал Ататүрк, Эгин районуна өз ысымын ыйгарып, район «Кемалие» деп аталып калган. 

Кемалие району Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкандыктан соода кербендери тынбай өтүп турган. Райондогу Маданият жана Өнүктүрүү Фондунун (KEMAV) жетекчиси Ферудун Челикмендин айтымында, аймакта жибек курт жана тыт  өстүрүлгөн.

 

Anahtar Kelimeler: Кемалие району, Түркия, ЮНЕСКО,

Жаңылыктар