Түркмөнстандагы Огузхан жана уулдары фонтаны

Огузхан жана уулдары фонтаны Ашхабад шаарынын негизги символдорунун бири.

25 Eylül 2021 19:40

 

Огузхан жана уулдары фонтаны 2008-жылы Ашхабад эл аралык аэропортуна бара жаткан жолдо курулган. Ал борбор калаанын негизги символдорунун бири.

Ал, дүйнөдөгү эң чоң фонтан  катары Гиннестин рекорддор китебине кирген.  

Фонтандардын комплекси 15 гектар аянтты камтып, 27 фонтан бар. Алардын баары синхрондоштурулган, жарыктандырылган жана толугу менен программаланган. Комплекстин жарык берүү системасы күндүн энергиясын колдонуу менен иштейт.

Архитектуралык-скульптуралык комплекстин борборунда ат үстүндө колун көтөрүп отурган түрк элдеринин легендарлуу башчысы Огузханды жана анын алты уулун көрүүгө болот. Алар: Күн-хан (күндүн кожоюну), Ай-хан (айдын кожоюну), Йылдыз-хан (жылдыздын кожоюну), Гөк-хан (асмандын кожоюну), Даг-хан (тоонун кожоюну) жана Деңиз-хан (деңиздин кожоюну).

Архитектуралык-скульптуралык комплексти Түркмөнстандын эл артисти Бабасары Аннамурадовдун жетекчилиги астындагы чыгармачыл топ иштеп чыккан. Алардын айтымында бул композиция, түркмөн элинин тынчтыгын, анын бузулгус биримдигин жана ынтымагын, азыркы Түркмөнстандын жаратмандык рухун жана күчүн символдоштурат.

Anahtar Kelimeler: Огузхан жана уулдары фонтаны, Түркмөнстан,

Жаңылыктар