Түркстан шаарында түрк дүйнөсүнүн жаштарын жолугуштурган иш-чара өттү.

Казакстандын Түркстан шаарында "Түрк дүйнөсүнүн алтын бешиги- Түркстан" аталыштагы форум болуп өттү.

23 Haziran 2021 17:09

Казакстан Республикасынын Маалымат жана Коомдук өнүктүрүү боюнча министрлиги уюштурган иш-чарага Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана башка түрк тилдүү мамлекеттерден келген 200 өкүл катышты.

Форумдун ачылышына онлайн форматта катышкан Казакстан сенатынын төрагасы Маулен Ашымбаев жаштарга Түркстандын тарыхы тууралуу айтып берди.

Тогуз жолдун тоомунда  жайгашкан Түркстан шаары биримдиктин символу экендигин баса белгиледи. Өз кезегинде түрк дүйнөсүнүн жаштарын биримдикти күчтөндүрүүгө чакырды.

Форум алкагында "түрк дүйнөсүнүн руханий жана маданий борбору" Түркстан шаарын танытуу максатында жаштар арасында иш-чараларды уюштуруу жана жаштык уюмдары ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселеси талкууланды. 

3 күнгө созулган форумдун жүрүшүндө катышуучуларга Түркстандын ыйык жана маданий баалуулуктары таанытылды. Илимий семинарлар жана китеп көргөзмөлөрү өттү.

Форум "Түрк дүйнөсүнүн жаштары" паркынын ачылышы менен жыйынтыкталды. 

 

Anahtar Kelimeler: Түркстан, жаштар, түрк дүйнөсү,

Жаңылыктар