Тарыхый Дехистан шаары

Дехистан шаары Түркмөнстандын Балкан провинциясынын Этрек районундагы Мадав кыштагынан 22 км түндүк-батышта жайгашкан.

13 Kasım 2021 10:48

Дехистан шаары байыркы түрк уруулары отурукташкан аймак. Орто кылымда маанилүү соода жана маданият борбору болгон. Тарыхый шаарда көз жоосун алган чептер, кербен сарайлар, китепканалар салынып, маданий эстеликтер тургузулган. Кол өнөрчүлүктүн дээрлик бардык түрү өнүккөн. Эли дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенген.

Шаар X кылымда Саманилердин карамагында болгон.  XI кылымдын башында Газневиддерге өткөн. Ал эми  1035-жылы Селжуктардын карамагына өткөн.

Дехистан XI-XIII кылымда гүлдөгөн шаарга айланган. XV кылымдын аягы менен анын мааниси мурдагыдай болбой калган. Шаардагы турмуш акырындап солгундаган.

1991-жылы «Байыркы Дехистан» тарыхый-маданий аймагы түзүлгөн.

Тарыхый шаардан бүгүнкү күнгө эки чоң мунаранын, мечиттердин, медреселердин, кербен сарайлардын жана башка көптөгөн имараттардын калдыктары келип жеткен.

Anahtar Kelimeler: Дехистан шаары, Түркмөнстан,

Жаңылыктар