Өзбекстандын Навои шаарында табылган байыркы ташка чегилген сүрөттөр

Көбүнчө жаныбарлардын, аң уулап жаткан адамдардын сүрөттөрү тартылган. Навоидеги аскага тартылган сүрөттөр Өзбекстан тарыхынын канчалык терең экендигин далилдейт.

13 Kasım 2021 10:48

Аскага чегилген сүрөттөр Навои шаарынан анча алыс эмес Сармышсай аймагынан 1958-жылы табылган.

Бириккен улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму ЮНЕСКО жана Өзбекстандын Илимдер академиясы биргелеше илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн.

2018-жылы улуттук паркка айландырылган.

Аталган аймак кудум ачык асман алдындагы музейди элестейт.

Анда 10 миңден ашык аскага чегилген сүрөт бар. Алардын көбү коло дооруна таандык.

Аскага көбүнчө жаныбарлардын, аң уулап жаткан адамдардын сүрөттөрү тартылган.

Навоидеги аскага тартылган сүрөттөр Өзбекстан тарыхынын канчалык терең экендигин далилдейт.

Anahtar Kelimeler: Аскага чегилген сүрөттөр, Өзбекстан,

Жаңылыктар