Жаратылыштын койнундагы эстеликтерге кызыккандардын саны арбын

Байбурт провинциясына караштуу Байрактар ​​айылындагы Баксы музейиндеги айкелдер көргөндөрдү суктандырат.

25 Eylül 2021 19:16

Чорух өрөөнүндө август айында ачык аба музейи ачылган. Көргөзмөгө Эрдал Думан, Гүннур Өзсой, Хусаметтин Кочан, Ибрахим Коч, Кемал Туфан, Майк Берг, Нермин Эр, Осман Динч жана Юнус Тонкуштун колунан жаралган эмгектер коюлган.

Баксы архитектуралык музейи дизайны жана структурасы менен көргөндөрдү суктандырат. Баксы музейин уникалдуу кылган эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири - бул анын жаратылыш менен айкалышып турушу.

Жаратылыш жана искусство өзүнчө айкалышып, эң сонун сезимдерди калтырат. Шаардын ызы-чуусунан алыстап, жаратылыштын койнунда эс алгысы келгендерге жакшы маанай тартуулайт.

Anahtar Kelimeler: Баксы музейи,

Жаңылыктар