Алиев Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Эрдоганга кат жөнөттү.

1450148
Алиев Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүүгө салым кошуу максатында Түркиядан өлкөсүнө жөнөтүлгөн медициналык каражаттар үчүн президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

Азербайжандын президенти Алиевдин билдирүүсүнө ылайык, Президентке жөнөтүлгөн катта Түркияда Ковид-19га байланыштуу каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, оорулуулардын айыгып кетишин тиледи.

Ошондой эле Эрдогандын 2020-жылдын 5-июлунда өзүнө кат жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирген Алиев, Түркиянын Эрдогандын жетекчилигинде Ковид-19га каршы жүргүзгөн иш-аракеттеринин мактоого арзырлык экендигин айтты.

Алиев өз билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү айтты: «Бардык тармактардагыдай эле Ковид-19га каршы күрөшүүдө Азербайжан жана Түркия «Бир улут, эки мамлекет» ураандарынын негизинде тилектештикти көрсөттү. Биз биргелешкен күч-аракеттерибиз менен Ковид-19ду жеңе алабыз. Өзүмдүн жана Азербайжан элинин атынан, тууган Түркия Республикасы тарабынан жиберилген гуманитардык жардам үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы бир туугандыктын жана достук мамилелердин айкын мисалы. Сизге чың ден-соолук жана ишиңизге ийгилик, боордош Түркия элине ар дайым тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм ".

Президент Эрдогандын көрсөтмөсү менен Азербайжанга мурдагы күнү 30 вентилятор, 55 миң комбинезон, 50 миң N95 беткап, 100 миң хирургиялык беткап, 5 миң көз айнек, 200 миң мээлей жана 40 миң куту түрүндөгү дары-дармектерди камтыган гуманитардык жардам жөнөтүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар