Алиев Измирдеги жер титирөөгө байланыштуу Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Азербайжандын Президенттигинин билдирүүсүндө, Алиев Эрдоган менен телефон аркылуу байланышып жер титирөөгө байланыштуу кайгысын билдиргени белгиленди.

1519012
Алиев Измирдеги жер титирөөгө байланыштуу Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон чалып, Измирдин Сеферихисар районунда болгон жер титирөөдөн улам жардам берүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Азербайжандын Президенттигинин билдирүүсүндө, Алиев Эрдоган менен телефон аркылуу байланышып жер титирөөгө байланыштуу кайгысын билдиргени белгиленди.

Алиев ар дайым болгондой эле дос жана бир тууган Түркиянын жанында болгондорун баса белгилеп, Азербайжандын бир тууган өлкөгө ар тараптан жардам берүүгө даяр экендигин айтты.

Эрдоган да Алиевге телефон чалып ал-абалды сурагандыгы үчүн ырахмат айтты.



Тектеш кабарлар