Алиев - Лавров жолугушуусу

Алиев борбор шаар Бакуга барган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды.

1847676
Алиев  - Лавров жолугушуусу

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армения менен 2020-жылдын ноябрь айында кол коюлган декларациянын ишке ашырылышы үчүн кадам ташталышын күткөндөрүн билдирип : «Биздин тынчтык келишими боюнча сунушубуз жоопсуз калды, бирок биз  бул сунуш кабыл алынат деп үмүттөнөбүз», - деди.

Алиев борбор шаар Бакуга барган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды.

Жолугушууда Алиев Азербайжан менен Россиянын ортосунда ушул жылдын башында кол коюлган Шериктештиктин өз ара аракеттенүү декларациясын эске салып : « Карым  - катнаштарыбыздын өнүгүшү үчүн бул ачкыч документтин узун мөөнөттүү, түшүмдүү кызматташуунун жыйынтыгы экендигине ишенем»,- деди.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы карым  - катнаштардын нормалдашуу процессинде өлкөсүнүн позициясынын белгилүү экендигине көңүлдөрдү бурган Алиев : «Бул позиция аймакта узун мөөнөттүү тынчтык орнотууну көздөйт.  Аракеттерибиз  Армения тарабынан кубатталып, көп тараптуу чыр-чатакка чекит коюлат деп ишенем. Тынчтык келишиминин үстүндө иштей баштоо сунушубуз жоопсуз калды, бирок биз  бул сунуш кабыл алынат деп үмүттөнөбүз»,- деди.  

Россия, Азербайжан жана Армениянын вице  - премьер  - министрлери жетекчилик кылган үч тараптуу иш алып баруу группасынын алып барган ишине оң баа берген Алиев : «Россия Федерациясынын Кавказияда туруктуу тынчтыкты түзүү тууралуу активдүү аракеттеринен үмүттүүбүз»,- деди.

Россиянын тышкы иштер министри Лавров эки өлкө ортосунда кол коюлган Шериктештик өз ара аракеттенүү декларациясынын жана башка келишимдердин иш жүзүндө аткарылышы үчүн эки президенттин көрсөтмөлөрүн аткарууда чечкиндүү экендиктерин билдирди.



Тектеш кабарлар