Анкарада кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин китебинин бет ачары болду

18-декабрь күнү кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин китебин таанытуу иш-чарасы өттү.

1129167
Анкарада кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин китебинин бет ачары болду
KOCOGELDI_KULTEGIN_KITAP2.jpg
KOCOGELDI_KULTEGIN_KITAP1.jpg

18-январь күнү кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин китебин таанытуу иш-чарасы өттү.

Акын Кожогелди Култегин 2014-жылдан бери Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү катары эмгектенип келет. Ал ушул аз убакыт ичинде ТҮРКСОЙдо Кыргызстан тууралуу көптөгөн эмгектерди жаратып, татыктуу өкүлдүк кылууда. Мисал үчүн Алыкул Осмоновдун ыр китебин түрк тилине которуп таанытты. 2018-жыл Чынгыз Айтматов жылы деп жарыялангандыктан ал тууралуу көптөгөн иш-чараларды демилгелеп өткөрүүгө салым кошту. Кожогелди агай, Түркия мамлекетин, элин, табигатын ар тараптуу иликтеп, байкоо салып булар тууралуу ар кыл ырларды жаза баштаган.  Мына ошол ырлары түрк тилине которулуп, ыр жыйнагынан турган «Тамырлардан канаттарга чейин» аттуу чоң китеп болуп басылып чыкты. 

Иш-чараны Эл аралык Түрк тилдеринин маданиятын таанытуу уюму ТҮРКСОЙ менен Евразия жазуучулар союзу билгелешип өткөрдү. Иш-чарага Түркиядагы атактуу акын жазуучулар, профессорлор, мугалимдер, илим жаатында эмгектенген адамдар, студенттер, медиа уюмдарынын мүчөлөрү жана ырга кызыккан калың топ катышты.

Иш-чараны Евразия жазуучулар союзунун төрагасы, др.Якуп Өмероглу өзү алып барып, китепти которгон котормочуларга, китеп жөнүндө өз баасын берген айрым акын-жазуучуларга катары менен сөз берип жатты.

Иш-чаранын башында сөз алган китептин автору Кожогелди Култегин, котормочуларга, китепти басып чыгарууга көмөктөшкөн Түрк Ожаклары уюмунун Бурса кеңсесине, ТҮРКСОЙго жана Евразия жазуучулар союзуна ыраазычылыгын билдирип, китептин эки бөлүмдөн турганын; биринчи бөлүмдө өзү жазган ырлар жана түркчө котормосу, экинчи бөлүмдө Түрк акындарынын ырлары жана алардын кыргыз тилине котормосу орун алганын айтып өттү.

Китепте орун алган ырлар тууралуу ар кыл пикирлер айтылып, акын-жазуучулар Кожогелди Култегиндин башкача ыкмада ыр жазганын, Түркия мамлекети, калкы, табигаты сырттан караган кишиге кандай көрүнөөрүн, шаарларында катылган тарыхтын оргуштап турганын, кыраакы көз менен кылдат байкап жазган устат акын экенин далилдегенин айтышты. Өзгөчө Стамбулдун учурдагы көрүнүшүн абдан таамай баяндап бергенине токтолушуп, машинанын тыгынында баратып Стамбулдун тарыхынын арасында киши улгайганын өтө устаттык менен жазганына токтолушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө комузчу-ырчы айым Гүлира Касымкулова «Ала-Тоо», «Сары-Ой» чыгармаларын аткарып делебени козгоп, кыргыздар жердеген Ала-Тоонун табиятынын кооздугун ыр менен тартуулап кетти.

Иш-чаранын аягында акын Кожогелди Култегиндин «Тамырлардан канаттарга» чейин аттуу китебине, автордун кол тамгасын алыш үчүн, келген эл аны жабалактап курчашты.

Китепти которгондор: Калмамат Куламшаев

                                           Кенан Чарбога

                                           Майрамгүл Дыйканбаева

 

 



Тектеш кабарлар