Анкарада Кыргыздар Нооруз майрамын белгилешти

Экинчи бөлүмүндө Бешик той жөрөлгөсүн чагылдырган соң бардык катышуучулар чогуу чаран Анкаранын борбордук мечити Кожатепенин аркасында орун алган Дин иштери башкармалыгынын конференция залына барышты.

1166935
Анкарада Кыргыздар Нооруз майрамын белгилешти

 

Анкарадагы кыргыздар Нооруз майрамына карата чоң иш-чара өткөрүштү.

Бул иш-чара эки бөлүм түрүндө болуп, анын биринчи бөлүмүндө Анкарадагы кыргыз айымдары кыргыздын Ак элечегин таанытышты.

Экинчи бөлүмүндө Бешик той жөрөлгөсүн чагылдырган соң бардык катышуучулар чогуу чаран Анкаранын борбордук мечити Кожатепенин аркасында орун алган Дин иштери башкармалыгынын конференция залына барышты.

Андагы иш-чаранын алдында фуайеде кыргыздын палоосу, боорсогу, жаз майрамынын символуна айланган сүмөлөк келген конокторго сунулуп, тамактардын даамдуулугуна тамшанып жатышты.

Аны улай концерттик программа Аластоо менен башталды. Элечек жана кыргыздын улуттук кийимин кийген кыз-келиндер сахнаны толтурушту. Алып баруучулар Бексултан Алимбеков менен Айпери Турсунбекова ыргактуу сөздөрү менен программаны ирээти менен алып барып жатышты.

Нооруздун ачылыш сөзүн Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзура Жумакунова эжекебиз жасап, баардык кыргыздарды ынытымак-ырашкерликке чакырып, Ноорузга карата каалоо тилектерин айтты.

Ошондой эле «Отаг» маданият жана бийчилер коомунун төрайымы Элмира Шендуран айымга сөз кезеги берилип, ал өзү казак боордоштордон болгон соң кыргыздарга абдан суктанганын, кантип ушундай уюмдашып иш-чара өткөрөөрүнө таң бергенин билдирип, Ноорузга карата каалоосун айтты.

Уз-чебер Жумагүл Мураталиева элечекти сахнада көрсөтүп, кантип кийилээрин, аталыштарын жана анын маанисин толук түшүндүрүп, иш-жүзүндө көрсөтүп берди. Апалар кийген Ак элечекте кыргыздын көчмөн турмушундагы чоң философия камтылып жатканына бардыгы күбө болушту.

Андан соң Манастан үзүндү айтылып, кыргыздын улуу салтынан үзүндүлөр көрсөтүлдү. Үйлөнүү үлпөтү сахналаштырылып кыз менен эркектин жеңелеринин алым сабактары чагылдырылды. Эки жашты үйлөндүрүп, кайнене жана улуу байбичелер бата  берип жатышты.

Улуттук салттар көрсөтүлүп бүткөн соң концерттик программа башталып, эстрада ырчыларлары Руслан Абылов, Орозбек Тоялиев, Гүлжан Усупбаева, Бексултан Алимбеков өзү жакшы ырларын тартуулашты. Кыргызстандан келип калган Маданият министрлигинин кызматкери Жаныш Момунов, мекендештерге каалоо тилектерин айтып, өзүнүн чыгармасын аткарып берди.

 

 

«Отаг» бийчилер тобу Казак жана өзбек бийин бийлеп, Анкарада жашаган кыргыздардын жаш балдары Кара Жорго жана Жалын бийди бийлешти.

Концерттик программага келген эл залда орундарынан тура калышып кошулуп бийлеп чер жазышты...



Тектеш кабарлар