Анкарада Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө арналган сый кече өттү

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги сый кече өткөрдү.

1265280
Анкарада Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө арналган сый кече өттү
КЫРГЫЗСТАН ЭЛЧИЛИК СЫЙ КЕЧЕ4.jpg
КЫРГЫЗСТАН СЫЙ КЕЧЕДЕН3.jpg
КЫРГЫЗСТАН ЭЛЧИЛИК СЫЙ КЕЧЕ3.jpg
КЫРГЫЗСТАН СЫЙ КЕЧЕДЕН9.jpg

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги сый кече өткөрдү.

Сый кече Анкарадагы бир отелдин чоң залында болуп Түркиянын мамлекеттик жетекчилигинен министрлер, эл өкүлдөрү, Түркиядагы башка өлкөлөрдүн элчилери жана дипломаттары, Жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Түркиянын ар тарабында иштеп, окуп жүрүшкөн мекендештер жана медиа кызматкерлери катышты.

Сый кечеге Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, элчинин жубайы Айнура Омокеева айым жана элчилик кызматкерлери толук түрдө  кожоюндук кылышты.

Айнура айымдын кыргыздын улуттук кийимин,элечегин кийип турушу келген конокторду суктандырбай койгон жок. Министрлер менен катар дипломаттардын бардыгы суктануу менен карап сурап жатышты.

Элчи Өмүралиев, сый кеченин ачылышында Кыргызстан менен Түркиянын карым-катнаштарына токтолуп, Кыргызстан, кыргыз эли, үрп-адаты, каада салты  тууралуу кеңири маалымат берди жана келген конокторго ыраазычылык билдирди.

Сый кечеге Түркия Республикасынын Жаштар жана Спорт Министри Мехмет Мухаррем Касапоглу катышып элчи менен удаа куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүн  эң алгачкылардан болуп тааныган өлкө Түркия болгонун эске салып, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн Түркиянын ар тараптуу салым кошууга даяр экендигин билдирди.

Сый кечеге келген коноктор Элчини Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, Кыргыздын беш бармагы менен катар боорсок, манты сыяктуу тамактарынан даам сызып жатышты.  Ал эми залда Кыргыздын улуттук аспаптары чертилген музыка жаңырып жана чоң экранда Кыргызстан тууралуу слайт көрсөтүлүп турду.

 



Тектеш кабарлар