Армян аскерлери азербайжандык аскерлердин турумдарына ок атышты

Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсү жарыяланды.

1861590
Армян аскерлери азербайжандык аскерлердин турумдарына ок атышты

Армян аскерлери Келбежер жана Лачында азербайжандык аскерлердин турумдарына ок атышты.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «30-июль күнү түштөн кийин Армениянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Азербайжан армиясынын Келбежер жана Лачын аймактарындагы турумдарына ар кандай куралдар менен ок атышты. Биздин аскерлер тарабынан көрүлгөн адекваттуу каршы чаралардын натыйжасында каршы тараптын ок атуусу токтотулду»,делди.



Тектеш кабарлар