Армян күчтөрү Азербайжан позицияларын аткылашты

Армян күчтөрүнүн ок атуусунун себебинен Анар Казимов аттуу жоокердин шейит болгондугу айтылды.

1863100
Армян күчтөрү Азербайжан позицияларын аткылашты

Азербайжандын Коргоо министрлиги, Карабахтагы мыйзамсыз армян куралдуу күчтөрүнүн ок чыгарышынын натыйжасында бир азербайжан аскеринин шейит болгонун кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө, орус элементтери убактылуу жайгаштырылган аймактардагы мыйзамсыз армян күчтөрүнүн эртең менен Лачин облусундагы азербайжандык позицияларды катуу аткылашканы белгиленди.

Армян күчтөрүнүн ок атуусунун себебинен Анар Казимов аттуу жоокердин алган жараатынан улам каза болгондугу айтылды.

Шейит болгон аскердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтылган билдирүүдө, Азербайжан аскерлеринин жооп кайтаргандыгы маалымдалды.

Ала арада Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин бул тууралуу билдирүүсүндө, бүгүн болгон кандуу окуянын 2020-жылдын 10-ноябрында Орусия, Азербайжан жана Армениянын лидерлери кол койгон үч тараптуу декларацияны одоно бузгандыгы, эки өлкөнүн мамилесин жөнгө салуу аракеттерине зыян келтиргенин дагы бир жолу көрсөткөнү кабарланды. 



Тектеш кабарлар