Армения дагы жарандарга ок атты, Горанбайда бир жаран каза болду

Азербайжандын вице  - президенти Хикмет Хажыев берген акыркы маалыматында Армениянын Горанбайга кол салгандыгын билдирди.

1518235
Армения дагы жарандарга ок атты, Горанбайда бир жаран каза болду

Армения армиясынын Горнабайга жасаган ракеталуу кол салуусунда бир киши каза болду. Армения Азербайжан жерлеринде жарандарга карата кол салууларын улантууда.

Азербайжандын вице  - президенти Хикмет Хажыев берген акыркы маалыматында Армениянын Горанбайга кол салгандыгын билдирди. Хажыев : «Тап айылында бир жаран Армения кол салуусунда өлтүрүлдү. Ракета үйлөрүнүн чатырына келип түштү. Армения согуштук кылмыш кылууда»,- деди.

Бул кол салуу менен Армениянын жарандарга карата кол салууларында каза болгондордун саны 91ге жогорулады. Кол салууда 400дөн ашуун жаран жараланды.



Тектеш кабарлар