Астана Экономикалык Форуму бшталды

12 -  Астана Экономикалык Форуму Казакстандын борбор шаары Нур Султанда башталды.

1202428
Астана Экономикалык Форуму бшталды

12 -  Астана Экономикалык Форуму Казакстандын борбор шаары Нур Султанда башталды.

Expo 2017 жарманке аянтындагы конгресс борборунда өткөн форумдун негизги отурумуна Казакстандын куруучу президенти Нурсултан Назарбаев, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин төрага орун басары Хан Ченг, Армениянын президенти Армен Саркисян, Грузиянын президенти Мамука Бакхтадзе менен бирге 60тан ашуун өлкөдөн 5 миңге жакын делегация катышты.

Назарбаев  сөзүндө Казакстандын түрдүү темаларда сүйлөшүү процесстери үчүн таасирдүү платформа катары кызмат кылгандыгына көңүлдөрдү буруп, борбор шаар Нур Султандын Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУ, Ислам Кызматташтык Уюму, Дүйнө жана Салттык Диндер Лидерлер саммиттерин өткөргөндүгүн эске салды.

Өлкөлөр арасындагы келишпестиктердин прагматикалык экономикалык таасирдешүүгө тоскоол болгондугун айткан Назарбаев : «Түшүмсүз санкциялар режиминен дүйнөнүн келечегин белгилеген глобалдык күчтөрдүн лидерлеринин ортосундагы түздөн түз диалогго өтүү маанилүү. Ушунун негизинде АКШ, Кытай, Орусия жана Европа Биримдиги өкүлдөрүнүн арасында геополитикалык кризистен чыгуу жолдорун талкуулоонун учуру келди. Мен бул өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдөмүн. Жалпысынан бул темада туура түшүнүк бар»,- деди.

Форумга Түркиядан мурунку вице  - премьер  - министр Мехмет Шимшек, Түрк тилдүү Өлкөлөрдүн Кызматташтык Кеңешинин башкы секретарынын орун басары Өмер Кожаман, эсептөө палатасынын төрага орун басары Зекерия Түйсүз катышты.

Эртең аяктай турган форумдун негизинде 55 отурумда 164 докладчынын доклад окушу күтүлүүдө.

Казакстан өкмөтү жана Евразия Илимпоздорунун Экономикалык Клубу тарабынан курулган форум 2008 -  жылдан бери өткөрүлүп келе жатат.

 

 

 



Тектеш кабарлар