Атамбаевдин мүлкү жана банктык эсептери камакка алынды (тизме)

Башкы прокуратура Атамбаевдин камакка алынган мүлктөрүнүн тизмесин жарыялады

1253758
Атамбаевдин мүлкү жана банктык эсептери камакка алынды (тизме)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка коюлду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мурдагы президенттин 25 банкта эсеби болгон. 

Мындан сырткары Атамбаевге жана анын аялына, “Кыргызавтомашка”, “Апрель-ТВ” жабык акционердик коомдоруна тийиштүү делген банктык уячалары камакка коюлду. Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматка караганда, беш автомобиль, төрт жер тилкеси, Кой-Таштагы ден соолукту чыңдоо борбору, турак жай, Арашандагы жайыт, Кой-Таш жана Арашанда көп жылдык дарактар отургузулган үч жер тилкеси мурдагы президентке караштуу экени аныкталды. 

Ошондой эле, Раиса Атамбаевага караштуу үч унаа, батир жана Бишкектеги жеке үй камакка коюлду. Камакка алынгандардын арасында “Кыргызавтомаштын” мүлкү, Жал кичи районундагы көп кабаттуу үй, ушул эле райондогу 18 батир, Ибраимов көчөсүндөгү үч батир, Матросов көчөсүндөгү киши жашабаган 39 имарат, ушул эле көчөдөгү жер тилкелери, соода үйү, дүкөн, кеңсе, темир жолу жана Матросов көчөсүндөгү резервуар, 18 цех, 9 кампа бар. 

Банктын эсептери бар банктар:

1. «Кыргызкоммерцбанк» ААК;

2. «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы» ААК;

3. «Оптима Банк» ААК;

4. «Кыргыз-Швейцария Банк» ЖАК;

5. «Капитал Банк» ААК жана башка 25 банкта эсептик каражаттары болгон.

Жеке жана юридикалык жактарга тиешелүү болгон төмөнкү банктык уячалар:

1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович;

2. Атамбаева Раиса Минахмедовна;

3. Кыргызавтомаш ААК;

4. «Апрель-ТВ» ЖЧК;

5. «Апрель» Коомдук фонду;

6. «Канал D» телерадиокомпаниясынын редакциясы» ЖЧК;

7. «Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеш» Коомдук бирикмеси;

8. «Ден соолук жана узак жашоо» Медико илимий билим берүү борбору мекемеси (МОНЦЗиД);

9. «Ассоциация Телерадиоорганизаций» Юридикалык жактардын бирикмеси;

10. «Ассоциации предприятий «Корпорация Кыргызавтомаш» Юридикалык жактардын бирикмеси.

Мындан сырткары Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болгон төмөнкү автоунаалар камакка алынды:

- «Тойота Ленд Крузер», 2000-ж;

- «Мицубиси Паджеро», 1997-ж;

- «Тойота Ленд Крузер», 1998-ж;

- МАН, 1993-ж;

- БМВ-Х53, 2001-ж;

Аны менен бирге Чүй облусунун аймагында 4 жер тилкеси, жайыт жерлер, көп жылдык бак аянттары камакка алынды.

Ошол эле учурда Раиса Атамбаевага тиешелүү делген:

- «Тойота Ленд Крузер», 2004-ж;

- «Мерседес-Бенц S600», 1994-ж;

- ГАЗ 3110, 1999-ж;

Мындан сырткары 16 көп кабаттуу турак үйдөгү батир, 5 жер тилкеси, жашаганга эмес башка максатта пайдалана турган 22 объект, 11 цех, 7 кампа, 2 кеңсе камакка алынды. «Медиа Форум» ААК, 7-апрель көчөсүндөгү 4 жер тилкеси, Ысык-Көл облусунда бир жер тилкеси жана эки бүтө элек курулуш объекти.

 

Булак; КТРК



Тектеш кабарлар