Азербайжан-Армения чек арасында атышуу болду

Армян аскерлеринин ок атышпоо режимин бузгандыгы белгиленди.

1373287
Азербайжан-Армения чек арасында атышуу болду

Азербайжан-Армения чек арасында армян аскерлери аткан октон Азербайжан армиясынын бир аскери шейит болду.

Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматтары командирлигинин билдирүүсүндө, Армениянын аскерлеринин Газах районунун Кушчу Айрым айылынын багытында ок атышпоо режимин бузгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө армян көзгө атардын аткан огунан Азербайжан армиясынын бир аскеринин шейит болгондугу кабарланды.

Азербайжандын эл аралык тармакта таанылган чек араларды коргогон Мамлекеттик чек ара кызматтары командирлигине караштуу бир аскердин шейит болушунун жооптуусу Армения башкаруучулугу экендиги айтылды.  



Тектеш кабарлар