Азербайжан армиясы дагы 9 айылды армян баскынчылыгынан бошотту
Азербайжан армиясынын операциясы уланууда.
1518857
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азербайжан армиясы дагы 9 айылды Армениянын оккупациясынан бошотконун жарыялады.
Алиев Твиттер баракчасынан: «Азербайжан армиясы Жебраилдин Худавердили, Курбантепе, Шахвеледли жана Хубярлы, Зангиландын Аладин жана Вежнели, Кубадлынын Кавдадик, Мемер, Мулла айылдарын куткарды. Жашасын Азербайжан армиясы. Карабах Азербайжан болуп саналат» деп бөлүштү.
Азербайжан армиясы 27-сентябрда Тоолуу Карабахта башталган операцияда 4 шаардын борборун, 3 шаарчаны, 190го жакын айылдарды жана кээ бир маанилүү дөбөлөрдү Армениянын оккупациясынан бошоткон болчу.