Азербайжан армиясы кеңири масштабдуу машыгуу өткөрүүдө

Машыгууга 10 миң аскер катышат.

1419423
Азербайжан армиясы кеңири масштабдуу машыгуу өткөрүүдө

Азербайжан армиясы 10 миң аскери катышкан кеңири масштабдуу машыгуу баштады.

Коргоо министрлигинин жарыясында президент Илхам Алиев бекиткен планга ылайык коргоо министри Закир Хасановдун буйругу менен өтүүчү машыгууга армиянын ар кандай командирликтери менен байланышкан аскерлер катышкандыгы кабарланган.

Ар кайсы аймактардан 10 000 жоокер катышкан машыгууда жасалма душмандын өкүлдөрүнө каршы операциялар уюштурулуп, ар башка аскерлердин ортосундагы шайкештик деңгээли аныкталат.

Күнү-түнү улана турган машыгууга болжол менен 120 танк жана бронетранспортер, 200 ракета жана замбирек тутуму, 30 учак жана тик учак кирет.

 



Тектеш кабарлар