Азербайжан менен Армения "Тоолуу Карабах" маселесин сүйлөштү

Чогулушка ошондой эле Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун теңтөрагалары катышышты.

1446419
Азербайжан менен Армения "Тоолуу Карабах" маселесин сүйлөштү

Азербайжандын тышкы иштер министри Эльмар Меммедяров жана Армениянын тышкы иштер министри Зохраб Мнацаканян "Тоолуу Карабах" маселесин чечүү процессинин алкагында видео конференция ыкмасы менен чогулуш өткөрдү.

Чогулушка ошондой эле Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун теңтөрагалары, орусиялык Игорь Попов, француз Стефан Висконти, америкалык Эндрю Шофер жана ЕККУнун атайын өкүлү Анджей Каспржик катышты.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, тараптар чечим чыгаруу процессиндеги учурдагы абалды талкуулашты.

Тең төрагалар, акыркы кездерде эки тараптын агрессивдүү сөздөрүн көбөйткөнүнө байланыштуу тынчсызданууларын билдиришти.

Азербайжандын тышкы иштер министри Меммедяров Армения тарабынан басып алынган Азербайжандын аймагына мыйзамсыз көчүрүү жана инфраструктуралык иштерин күн тартипке алып келди.

Меммедяров Армениянын провокациялык аракеттери агрессивдүү сөздөрдүн көбөйүшүнө себеп болгонун түшүндүрдү.

Тараптар алдыдагы айда кайрадан видеоконференция ыкмасы менен сүйлөшүү темасында макулдашышты.

 



Тектеш кабарлар