Азербайжан менен Түндүк Кипрдин ортосунда жумушчу топ түзүлдү
"Жумушчу тобун" түзүү чечиминин долбоору биринчи добуш берүүдө кабыл алынды.
Азербайжандын Улуттук Парламентинде, Азербайжан-Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) Парламенттер аралык мамилелер боюнча жумушчу топ түзүлдү.
Улуттук Парламенттин кезектеги жалпы чогулушунда талкууга алынган «Азербайжан-ТКТР Парламенттер аралык мамилелер боюнча жумушчу тобун» түзүү чечиминин долбоору биринчи добуш берүүдө кабыл алынды.
Азербайжан-ТКТР Парламенттер аралык мамилелер боюнча жумушчу тобунун төрагалыгына шайланган депутат Жаваншир Фейзиев аталган чечимди «тарыхый кадам» деп мүнөздөдү.
Түрк мамлекеттеринин дүйнөдөгү геосаясий реалдуулуктарга ылайык жүргүзгөн саясаттарына көңүл бурган Фейзиев: «Ааламдашуу процессинен максималдуу деңгээлде пайдалануу жана түрк цивилизациясынын келечегин, дүйнөлүк тартиптеги ордун жана ролун камсыз кылуу үчүн заманбап түрк мамлекеттеринин ортосундагы интеграциялык процесстер милдеттүү болуп калды. Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен Азербайжандын ортосундагы парламенттик деңгээлдеги тыгыз кызматташтыктын пайдубалынын түптөлүшү түрк тилдүү мамлекеттердин интеграция процессиндеги эң ийгиликтүү кадамдарынын бири болуп саналат. Мындай жоопкерчиликтүү кызматташтык процессинин төрагасы болуп шайлануу мен үчүн чоң сыймык. Бардык кесиптештерибиз менен бирге Түрк дүйнөсүнүн бүтүндүгү жана келечектеги ийгилиги үчүн аракет кылабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-
Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.